Казакстанда COVID-19ду аныктай турган лабораториялар ачылат

Казакстанда COVID-19ду аныктай турган лабораториялар ачылат

Казакстанда COVID-19 илдетин аныктай турган жаңы 10 лаборатория ачылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кабарлады. Анын айтымында, Нур-Султан менен Алматы шаарында үчтөн лаборатория, ал эми калган төртөө республиканын башка аймактарында ачылат.

ЕЛЖАН БИРТАНОВ, КРНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:

-Чын курандын башынан баштап лаборатория 12 миң тест жүрүгүзүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда бизде 300 миң сыноо жүргүзүлдү. Аны менен бирге кошумча дагы 300 миң тест өткөрүүнү пландаштырып жатабыз.

Министр белгиленендей, бүгүнкү күндө 19 лаборатория иштеп жатат, алар ПЧР-  (полимераздык чынжыр реакциясы) сыноолорду  жүргүзөт.

ЕЛЖАН БИРТАНОВ, КРНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:

-Лабораториялар күн сайын 6 миң  сыноолорду өткөрө алат. Бүгүнкү күндө үчтүн айынан бери 300 бейтапка 21 миң тест өткөрүлдү. Өткөн суткада биз 1,5 миң адамга тест жүргүздүк.

 

Фото: 24.kz