Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 308ге жетти.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 308ге жетти.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 308ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Нур-Султан шаарында жаңы беш учур, ал эми Акмола облусунда бир учур катталган. Муну менен борбордо вирус жуктургандардын саны 173кө жетти. Алматыда – 73, Караганды облусунда – 13, Атырауда – 12, Акмолада – 10, Алматы облусунда – 8,  Кызылордада – 5, Жамбыл облусунда – 3, Шымкенте -2, Актөбе, Чыгыш Казакстан, Маңгыстоо, Павлодар жана Түндүк Казакстан облустарында бирден учур.

Белгилей кетсек республикада бир адам коронавирустан каза тапса, 21 казакстандык инфекциядан айыгып чыккан.

 

Фото: trend.az