Алматыда 7 адам коронавирустан айыкты

Алматыда 7 адам коронавирустан айыкты

Алматыда коронавирус жуктурган жарандардын 97% чет элден келгендер. Бейтаптардын арасында 11 жашар бала бар. Бул тууралуу Алматы шаардык коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Тилеухан Абилдаев атайын брифингте кабарлады. Жалпысынан азыркы учурда түштүк шаарда коронавирус инфекциясынын жуктуруунун  73 учуру катталды. Алардын жетөө айыгып чыкты. Бүгүнкү күндө шаардык жугуштуу оорулар стационарларында ковид-19дан 66 бейтап дарыланып жатат.

ТИЛЕУХАН АБИЛДАЕВ, АЛМАТЫ ШААРДЫК КООМДУК САЛАМАТТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

 - Азыркы кезде ооруп жаткандардын абалы жакшырууда. 58 бейтаптын абалы канааттандырарлык, бир эркек бейтап оор абалда, алты эркек адамдын  жана бир жаш баланын да абалы орточо оор. Провизордук борборлордо 1046 адам бар анын 102си бала.

Ошондой эле, Алматыда чет элден келген 419 жаран обочолонгон. Алар кайсы мамлекеттен келгенине карабастан, эки күндүк карантинге жайгаштырылууда.

 

Фото: news.liga.net