Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын көпчүлүгү аялдар

Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын көпчүлүгү аялдар

Казакстарда коронавирус инфекциясын жуктурган бейтаптар арасында эркектерге караганда аялдардын саны көбүрөөк. Ал эми алардын орточо жашы отуз беш жаш аралыгында. Бул маалыматтар коомдук саламаттыкты сактоо улуттук борборунун ковид-19 вирусу ырасталган дарыгерлер тууралуу инфографикасында келтирилген. Учурда өлкө боюнча коронавирус илдетине 294 адам чалдыккан.

Айта кетсек, дарыгерлер жарандардын вирусту кандай жуктурганы тууралуу маалымат чогулткан. Маалыматка ылайык, 67 адам чет элден жуктуруп келген болсо, 114 адам бейтап менен байланышта болгон. Бейтаптардын 103ү илдетти Казакстанда жуктурган.

Фото: tengrinews.kz