Медицина кызматкерлеринин коопсуздугу башкы көңүлдө

Медицина кызматкерлеринин коопсуздугу башкы көңүлдө

Коронавирус менен күрөштүн алдынкы катмарында жүргөн дарыгерлердин коопсуздугу башкы көңүлдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнкү брифинг учурунда шаар башчысынын орун басары Бахтияр Макен маалымдады.

Анын айтымында, Нур-Султан шаарынын медицина кызматкерлеринин жүрүм-туруму үчүн кошумча транспорттор каралды. Бүгүнкү күндө 50 атайын транспорт бөлүнгөн. Ошондой эле, шаардык эмдөө жана ооруканаларда коронавирус илдетин жуктурган бейтаптар  же алар менен түз байланышта болгондор менен иштеген медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында мейманканалар бөлүнүп берилген.

БАХТИЯР МАКЕН, НУР-СУЛТАН ШААР АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Ошондой эле, ысык тамак менен камсыздалган. Шаардын эмканалары менен ооруканаларында иштеген медицина кызматкерлери үчүн да транспорт каралган. Бул кызматкердердин бардыгына акысыз.

Буга кошумча, Бахтияр Макен Президенттин тапшырмасы менен санитардык-эпидемиологиялык тармакта иштеген медицина кызматкерлери үчүн жаңы каржылык колдоо болоорун кабарлады.

 

Фото: inbusiness.kz