Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 294 адамга жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 294 адамга жетти

Казакстанда коронавирус илдетин жуктурган дагы 9 адам катталды. Бул тууралуу КРнын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Алматы калаасында 3 тургунда, Кызылорда облусунда 3, Акмола облусунда 3 адамда диагноз тастыкталган.

Ошентип, Нур-Султан шаары боюнча 167, Алматыда 73, Карагандыда 7, Акмола облусунда 9, Атырауда 12, Жамбыл облусунда 3, Шымкентте 2, Чыгыш Казакстан 2, Алматы облусунда 6, Актөбе облусунда 2, Түндүк Казакстан облусунда 1, Павлодарда 1, Мангыстоо облусунда 1, Кызылордада 5, Батыш Казакстанда 2, жалпысынан 294 бейтап катталды.

Расмий маалыматка ылайык, ушул убакытка чейин коронавирустан 20 казакстандык айыгып чыкты. Бир адам курман болду.

 

Фото: apostrophe.ua