Казакстандын бир нече шаары карантинге жабылды

Казакстандын бир нече шаары карантинге жабылды

Коронавирустун жаңы түрүнүн пандемиясына байланыштуу Казакстандын бир нече шаары карантинге жабылды. Атап айтканда, жалган курандын 30унан баштап Атырауга кирүүгө жана шаардан чыгууга болбойт.

Чектөө чаралары Караганды облусунун беш шаарында Караганды, Темиртау, Саран, Абай жана Шахтинскке киргизилди.

Жалган курандын 30унан баштап Костанай облусун жабуу пландалган. Анда 10 өткөрүү бекети орнотулуп, полиция, жана медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат.

Мындай чектөө чаралары Актөбе облусунда да кабыл алынат. Жалган курандын 31нен баштап бул жерде транспорттун бардык түрлөрүнө жана жарандарга Актөбе шаарына кирүүгө, шаар аймагынан чыгууга тыюу салынат. Болгону транзиттик транспорттор менен азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттар жүктөлгөн транспорттор гана өткөрүлөт.

Аталган облустарда азык-түлүк сатпаган дүкөндөр, жеке менчик жана мамлекеттик бала-бакчалар, сулуулук салондору, коомдук мончолор, сауналар, букмекердик кеңселер жана кызмат көрсөтүү тармагынын башка да обьектилери иштерин токтотту.

Үй-бүлө мүчөлөрү болбосо, тургундарга үч адамдан көп болуп чогулууга болбойт. Ал эми жарандарга үйлөрүнөн себепсиз чыгуусуна, чектөө коюлду. Болгону азык-түлүк, дары-дармек алуу же банкка, жумушка баруу керек болсо гана көчөгө чыгууга уруксат. Ал эми балакатка толо электерге көчөдө жалгыз жүрүүгө тыюу салынды. 65 жаштан ашкан карыяларга да эшикке чыкпоого кеңеш берилди.

 

Фото: tengrinews.kz