Коронавирус илдетин жуктургандардын саны 124кө жетти

Коронавирус илдетин жуктургандардын саны 124кө жетти

Атырау облусунда COVID-19 вирусун жуктурган 3 адам аныкталды. Азыркы учурда Казакстан аймагында коронавируска чалдыгуунун 124 учуру катталды. Атап айтканда Нур-Султанда 60, Алматыда 48, Карагандыда 4, Шымкентте 2, Алматы облусунда 1, Актөбе облусунда 1, Жамбыл облусунда 3, Түндүк Казакстан 1, Акмола облусунда 1 жана Атырау облусунда 3.

Бейшемби күнү Нүр-Султан шаарында коронавируска чалдыккан 64 жаштагы аял көз жумду.

Эки адам илдеттен толугу менен айыгып чыкты.

 

Фото: inform.kz