Европа Биримдиги өлкөлөрү коронавируска каршы вакцина жасоого каржы чогултат

Европа Биримдиги өлкөлөрү коронавируска каршы вакцина жасоого каржы чогултат

Евро Биримдик коронавируска каршы вакцина жасоого каржы жыйноону уюштурат. Бул тууралуу G-20 лидерлеринин видео конференциясынын жыйынтыгы боюнча Европа комиссиясы менен Европа кеңеш башчыларынын биргелешкен маалымдамасында айтылды.

«Европа COVID-19га каршы вакцина жасоо жана аны киргизүүнү каржылоону камсыз кылуу үчүн акча жыйноо боюнча эл аралык онлайн-чара уюштурууга даяр», - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Европа Биримдиги өзгөчө кооптуу ооруларга каршы күрөшүүдө ар кандай жардамды кабыл алууга даяр экендигин белгилей кетүү керек. ЕВРО биримдик өкүлдөрүнүн айтуусунда, түрдүү тармактарда биринчи кезекте, саламаттыкты сактоо менен экономикада чукул, масштабдуу жана биргелешкен глобалдык иш-аракеттерди көрүү зарыл. Бул адамдардын өмүрүн сактоого жана экономикалык кризисти болтурбоого мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, ЕБ бийлик институттарынын башчылары Шарль Мишель жана Урсула фон дер Ляйен G20 видеоконференциясынын жүрүшүндө Евро Биримдик Ковид-19 пандемиясы менен күрөштө эл аралык кызматташтыкка даяр экендигин жана мамлекеттерге, айрыкча Африка өлкөлөрүнө көмөктөшө турганын билдирди.

 

Фото: ria.ru