Хопкинс университети: Дүйнөдө ковид-19 илдетин жуктургандардын саны 500 миңден ашты

Хопкинс университети: Дүйнөдө ковид-19 илдетин жуктургандардын саны 500 миңден ашты

Коронавирустун жаңы тиби пайда болгондон бери дүйнөдө инфекцияны жуктургандардын саны 500 миңден ашты. Бул тууралуу Джонс Хопкинс университети кабарлады.

Университет адистеринин эсебине ылайык, бүгүнкү күнү бейтаптардын саны 510 миңден көп. Бул убакыт ичинде вирустан 23 миң адам көз жумду.

Корнавируска чалдыгуу абалы боюнча АКШ биринчи орунга чыкты. Джонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кошмо Штаттарда 85 миңден ашык бейтап катталган. Ал эми Кытайда 81,3 мин адам. Инфекциядан көз жумгандардын саны боюнча Италия биринчи орунда 8 минден көп. Испанияда 4 миңден ашык адам курман болсо, Кытайда курмандыктардын саны 3 миңден жогору.

 

Фото: ria.ru