Коронавирус илдетин жуктургандардын саны 120га жетти

Коронавирус илдетин жуктургандардын саны 120га жетти

Казакстанда ковид-19 вирусун жуктургандардын саны 120га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Жалган курандын 27деги абал боюнча, коронавирус жуктурган дагы 7 адам Алматы калаасында аныкталды.

Ошентип, Нур-Султан шаары боюнча 60 адам, Алматыда 47, Карагандыда 4, Шымкентте 2, Алматы облусунда 1, Актөбе облусунда 1, Жамбыл облусунда 3, Түндүк Казакстан облусунда 1, Акмола облусунуда 1 адам. Жалпысынан өлкө боюнча 120 бейтап катталды.

Бейшемби күнү Нур-Султан шаарында коронавируска чалдыккан 64 жаштагы аял көз жумду. Эки адам илдеттен толугу менен айыгып чыкты.

 

Фото: ria.ru