Коронавирустан айыккан эки адам Нур-Султан жана Алматы шаарларында дарыланды

Коронавирустан айыккан эки адам Нур-Султан жана Алматы шаарларында дарыланды

Коронавирустан айыгып чыккан эки адам Нур-Султан жана Алматы шаарларында дарыланды. Бул тууралуу КРнын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев маалымдады.

Эске сала кетсек, жалган курандын 25инде эки бейтаптын коронавирустан айыгып, ооруканадан чыга турганы айтылган эле. Министр мындан башка маалыматты таратууга болбой турганын кошумчалады.

ДАУРЕН АБАЕВ, МААЛЫМАТ ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРИ:

- Ошондуктан дарыгер купиясын сактоо жөнүндө эске салабыз. Бул адамдардын бардыгы өз жарандарыбыз. Алар өздөрүнө байланыштуу жеке маалыматтарды жарыялообого укугу бар. Биз аны сыйлашыбыз керек. Эгерде ал адамдар тууралуу кандайдыр бир маалымат тапсаныздар, ал кишилердин уруксатысыз эч кимге бербөөнү суранабыз. Аларды дарылоо тартиби тууралуу журналисттерге дарыгерлер айтып берет. Андай маекти уюштурууга даярбыз.

 

Фото: ktk.kz