ДДСУ коронавирус менен күрөштө обочолонуунун канчалык натыйжалуу экендигин айтты

ДДСУ коронавирус менен күрөштө обочолонуунун канчалык натыйжалуу экендигин айтты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы бардык мамлекеттерде жарандарды обочолонтуу менен гана чектелбөөгө үндөдү. Тедрос Гебреисустун пикиринде, жарандарды изоляциялоо жана кыймылды чектөө коронавирус пандемиясын толугу менен токтотпойт. Мындай чаралар анын таралашын болтурбайт, бирок адам өмүрүн сактап калуу үчүн жеткиликсиз.

Тедрос Гебреисус вирустун таралышы менен күрөштө натыйжалуу болуп эсептелген алты ыкманы белгилеп өттү. Биринчи кезекте саламаттыкты мактоо системасын жакшыртып, илдетти жуктургандар менен иштеген медицина кызматкерлерин даярдоо керек. Аны менен катар ооруга чалдыккандардын бардыгын иликтеп, коронавирусту аныктай турган көп тест керек.

Мындан тышкары, бейтаптарды кабыл алган кошумча ооруканаларды даярдоо зарыл. Вирус жуктургандар менен байланышта болгондорду көзөмөлгө алып, бардык күчтү коронавирус менен күрөшүүгө жумшоо керек.  Бул чаралар коронавирустун таралышын тототуп, бардык чектөөлөрдөн кийин эпидемиянын кайра таралышына жол бербейт дейт ДССУнун башчысы.

 

Фото: news.liga.net