Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны өсүүдө

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны өсүүдө

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун көрсөткүчү өсүп жатат. АКШда көз жумгандардын саны үч күндүн ичинде он эсеге арткан. Хопкинс университетинин маалыматына караганда, өлкөдө инфекция 1 миңден ашык  адамдын өмүрүн жалмады.

Коронавирустун эң көп курмандыгы Италияда катталып жатат. Кооптуу инфекциядан бул жерде 7 миңге жакын адам көз жумду. Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Италиядагы карантин теке айынын 31ине чейин сакталат. Бирок абал жөнгө салынса, чектөө мындан да эрте алынып салынышы мүмкүн. Ал эми Испанияда илдеттин таралышына байланыштуу жогорку даярдык режими дагы 15 күнгө, чын курандын 11ине чейин узартылды. Вирустан көз жумгандардын саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн ичинде Италиядан кийинки экинчи орунда. Бүгүнкү расмий маалымат боюнча, өлкөдө 48 миңге жакын адам ооруга чалдыкса, 3400 дөн ашыгы курман болгон. Ал эми Улуу Британияда коронавирусту жуктуруунун 8 миңден ашык учуру катталды. 400 дөн ашык адам илдеттен көз жумду.

Түштүк Кореяда коронавирустан айыгуунун рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул мамлекетте 414 адам инфекциядан айыгып чыккан. Ошондой эле, бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жуктуруунун 104 гана учуру аныкталды. Жалпысынан Түштүк Кореяда вирусту жуктургандардын саны 9 миңден ашып, 131 адам каза тапты деп кабарлайт өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруну көзөмөлдөө жана анын алдын алуу борборлор уюму. Өлкө бийлиги эпидемиологиялык кооптуулуктун күчөшүнө байланыштуу Тэгу шаары менен Кёнсан-Пукто провинциясындагы үч шаарды апаат аймак деп тааныды.

Ал эми Кытайда сутка ичинде сырттан келген 67 адамдан ковид-19 илдети аныкталды. КЭРнын саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирустун жаңы тиби 81 миң адамдан аныкталган. Анын 4 миңге жакыны дарыланууда, 3287 адам бул дүйнө менен кош айтышты.

Эске сала кетсек, ДССУ жалган курандын 11инде коронавирустун таралышын пандемия деп жарыялаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча 430 миңден ашык адам илдетти жуктурган болсо, 20 миңден ашык адам вирустун курмандыгы болду.

 

Фото: dw.com