Казакстанда эки бейтап коронавирустан айыкты

Казакстанда эки бейтап коронавирустан айыкты

Казакстанда 2 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев кабарлады.

«Эки дарылануучу коронавирустан айыкты. Учурда алар соңку текшерүү анализдерин тапшырууда. Ооруканадан эртең чыгат», - деп маалымдады министр.

Даурен Абаев эң алды менен бул дарыгерлердин тынымсыз эмгегинин жемиши экенин белгилеп өттү.

«Өкмөттүн жана бардык казакстандыктардын атынан медицина кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир адис үчүн эң башкысы-өз эмгегинин натыйжасын көрүү. Ал жыйынтык үмүт жана кубат берет», - деди КРнын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри.

 

Фото: rbc.ru