Казакстанда 80 адам коронавирус жуктурган

Казакстанда  80 адам коронавирус жуктурган

Коронавирус жуктурган дагы  1 адам Шымкент шаарында тиркелди деп кабарлады өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги.  

Нур-Султан шаары боюнча 41 адам, Алматы калаасында – 31 адам, Караганды, Шымкент шаарларында экиден адам,  Алматы облусунда  - 1 адам, Актөбе облусунда - 1, Жамбыл облусунда -1 адам, Түндүк Казакстан облусунда  - 1 адам аныкталган.  

Ушуну менен Казакстанда коопту  инфекцияга чалдыккандардын  жалпы саны – 80 адам.

 

Фото: kuban24.tv