ДССУ: Бир сутка ичинде 40 миң адам коронавирус илдетин жуктурду

ДССУ: Бир сутка ичинде 40 миң адам коронавирус илдетин жуктурду

Дүйнө жүзүндө акыркы бир сутка ичинде 39827 адам коронавирус илдетин жуктурганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлады. Анын ичинен 1722 адам ковид-19дун курмандыгы болушкан. Муну менен аталган инфекциядан көз жумгандардын жалпы саны 16231 адамга жетти. Ал эми пандемия башталган учурдан тартып илдетке чалдыккандардын саны 372757.

Коронавируска чалдыккандардын көпчүлүгү Европа өлкөлөрүндө катталууда. Бул жерде инфекциянын жаңы учурун 24 миң адам жуктурган. Экинчи орунда Түштүк жана Түндүк Америка. Мында 12,5 адам вирусту жугузуп алган.
Европада илдетти жуктуруу боюнча Италия, Испания жана Германия лидер боюнча калууда.

Түштүк жана Түндүк Америкада илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү АКШда. Бул жерде 42 миңден ашык адамдан ковид-19 аныкталган.

Ага карабай эртең жалган курандын 26сы коронавирус кырдаалына байланыштуу G20нын чукул саммитин өткөрүү пландалууда. Ал видео байланыш форматында өтмөкчү. Бул тууралуу шейшемби күнү Жапониянын өкмөтүнө шилтеме жасап Куодо агенттиги кабарлады.

 

Фото: dw.com