ДССУ ковид-19 илдетинин күч алуусуна көз салууда

ДССУ ковид-19 илдетинин күч алуусуна көз салууда

Жаңы коронавирус инфекциясы күч алууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адхан Гебрейесус билдирди.

Уюмдун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 300 миңден ашып кетти. Аны менен бирге оору 15 миңден ашык адамдын өмүрүн жалмады. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурлар дээрлик дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө катталды.

«Пандемия күч алууда. Алгачкы катталган учурдан баштап 67 күндүн ичинде 100 миң учур аныкталса, 11 күндүн ичинде 200 миң жана 4 күндө 300 миңге жетти», - деп билдирди ДССУнун башчысы.

Италия  Европадагы вирусту жуктургандар арасында лидер боюнча калууда. Бул республикада илдетке чалдыккандардын саны 59 миңге жетип, анын ичинен 5 миң адам каза тапты. Италиянын премьер-министри Джузеппе Конте өлкөдө ковид-19 эпидемиясы жайылып, ал эми вирусту жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп бара жатканын белгиледи. Испания илдетти жуктургандардын жана анын курмандыктарынын саны боюнча Италиядан кийинки экинчи орунда. Аталган өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 33 миңге жетип, анын ичинен 2 миң адам бул дүйнө менен кош айтышты. Францияда болсо акыркы сутканын ичинде 186 адам каза таап, жалпы курмандыктардын саны 860ка жетти. Илдет жуктургандардын саны 20 миңден ашты.

Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон коронавирус эпидемиясына байланыштуу өлкөгө олуттуу чектөөлөрдү киргизгенин жарыялады. Анын айтымында, мындан ары британдыктар милдеттүү түрдө үйлөрүндө болушат жана зарыл болгон учурда гана сырта чыгууга укуктуу. Өткөн жекшембиде Англияда коронавирустан 46 адам көз жумган. Жалпысынан өлкөдө 84 миң адамдан коронавирустун анализи алынып, анын ичинен 6,5 адам вирусту жуктуруп алганы аныкталды.  

Ковид-19 илдетин жуктургандардын саны Түштүк Коредя 9 миңден ашты. Ал эми Кытайда бейтаптардын саны күндөн-күнгө азаюуда. Азыркы учурда Кытайда болгону 4735 бейтап калды. Кошумчалай кетсек, жуктургандардын дээрлик 90 пайызы айыгып чыгышты. Бул тууралуу КЭРнын саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылат.

Деген менен Африканын кээ бир өлкөлөрү коронавирустун таралуусуна жол бербөө максатында чек араларын жапканын жарыялады. Бул тууралуу Ниегрия, Зимбабве жана Эфиопиянын бийлиги кабарлады.

 

Фото: zakon.kz