Кытайга COVID-19ду чет элден келгендер алып келүүдө

Кытайга COVID-19ду чет элден келгендер алып келүүдө

Учурда Кытай Эл Республикасынын аймагына коронавирус чет элден алынын келинүүдө. Жергиликтүү дарыгерлер ушундай корутунду чыгарышууда.  COVID-19 бүгүн да чет мамлекеттен кирип жаткандардан аныкталып жаткандай.  Өткөн бир сутка ичинде Кытайдын материк бөлүгүндө коопту инфекцияга чалдыгуунун 34 жаңы окуясы катталган. Атап айтсак, Бээжинде -21, Гуандун провинциясында -9, Шанхайда- 2,

Хэйлунцзян жана Чжэцзян провинцияларында  бирден.   

Кытайдын оорулуларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу жөнүндөгү борборунун өкүлүнүн айтымында, учурда эң маңыздуусу -инфекциянын чет жактан келүүсүнө тоскоолдук кою жана учурунда чара көрүү үчүн эл аралык ынтымактыкты күчөтүү.

Кытайга чет мемлекеттерден келе турган бардык жарандар дыкат медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, 14 күндүк карантинге жаткырылат. Эпидемиологиялык акыбалдан чыгуусуна байланыштуу бүгүнкү күндө эл ичиндеги өндүрүштөр кайра жандана баштады.

 

Photo: strana.ua