Казакстан: Коронавирус таратпоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар

Казакстан: Коронавирус таратпоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар

Чет элде жүргөн казакстандык туристтер өлкөгө кайтарылат. Жалган курандын 23нө 18 авиа рейс пландалган. Бул тууралуу бүгүн Казакстан Республикасынын өкмөтүндө өткөн онлайн-брифинг учурунда вице премьер-министри Ералы Тогжанов кабарлады. Анын айтымында, казакстандыктарды кайтарууга бюджеттен акча жумшалбайт.

«Бүткүл дүйнө боюнча рейстердин масштабдуу кыскаруу шартында аларды чартердик рейстер менен өлкөгө кайтаруу боюнча чаралар кабыл алынып жатат» - деди вице-премьер.

Ералы Тогжанов эл арасында кызуу талкууланып жаткан дагы бир маселе - медициналык бепткаптардын тартыштыгына байланыштуу, өкмөт жетекчилиги күн сайын ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өндүрүш көлөмүн арттыруу маселеси боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

«Эгерде учурда өлкөдө күн сайын 360 миң беткап өндүрүлсө, анын 171 миңи көп жолу пайдаланууга арналган. Жакын арада алардын санын 1 миллионго чейин көбөйтүү милдети турат», - деп кабарлады премьер-министрдин орун басары.