Казакстанда www.coronavirus2020.kz сайты ачылды

Казакстанда www.coronavirus2020.kz сайты ачылды

Казакстанда жарандарды коронавируска байланыштуу ыкчам, ары ишенимдүү маалыматтар менен камсыздоо максатында www.coronavirus2020.kz сайты ишке кошулду.

"Бул ресурста өзгөчө кырдаал боюнча карантин учурундагы тартип менен мамлекеттин коронавируска каршы жасап жаткан чаралары тууралуу, ошондой эле желеде тараган жалган маалыматтарды жокко чыгаруу жана башка да бардык актуалдуу маалыматтар чогултулат", - деп жазды Казакстан Республикасынын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев өзүнүн фейсбук баракчасына.

Аны менен катар, сайтта оорунун алдын алуу, оорунун алгачкы белгилери байкалганда жасала турган жардамдардын эрежелери жарыяланган. Маалыматтардын бардыгы инфографика, нускамалык түрүндө түшүнүктүү түрдө берилген.

Фото: coronavirus2020.kz