Дүйнөдө 225 миңден ашык адам коронавирус жуктурган

Дүйнөдө 225 миңден ашык адам коронавирус жуктурган

Дүйнөдө 225 миңден ашык адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 9 миң адам көз жумса, 84 миң адам айыккан. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлады. Учурда ковид-19 вирусунун таралуу очогунун бирине айланган Италияда өткөн бир сутка ичинде инфекциядан 427 адам курман болгон. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык коргонуу кызматынын башчысы Анджело Боррели кабарлады. Ошентип илдеттен көз жумгандардын саны өлкөдө 3405ке  жетти. Коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Италия Кытайдан ашып кетти. КЭРда 3245 бейтап көз жумган эле.  

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын татаалданышына байланыштуу чын курандын 3үнө чейин киргизилген карантин узартылышы мүмкүн. Италия өкмөтү эл үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүүнү караштырып жатат. Алардын бири, ачык абада сейилдөөгө байланыштуу болмокчу.  Учурда Италияда коронавируска чалдыккандардын саны 41 миңден ашты.

АНДЖЕЛО БОРРЕЛИ, ИТАЛИЯНЫН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТЫНЫН БАШЧЫСЫ:

-Бир сутка ичинде 415 адам айыгып чыкты. Жалпысынан оору пайда болгондон бери 4440 италиялык жаран толугу менен дарыланып чыкканын белгилей кетүү керек. Тилекке каршы, өткөн суткада вирус жуктурган дагы 4 жарым миң адам аныкталды. Бул рекорддук көрсөткүч.

 

Фото: interfax.ru