Коронавирус дагы 7 казакстандык жарандан табылды

Коронавирус дагы 7 казакстандык жарандан табылды

Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган дагы 7 адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ошентип, бүгүнкү абал боюнча, өлкө аймагында коронавирус жуктурган 44 бейтап катталды. Анын 19у Алматыда, 25и Нур-Султан шаарында.

Аны менен катар эки казакстандык жаран чет өлкөдө дарыланууда. Мекендештердин бири Германияда болсо, дагы бир казакстандык жаран Венгрияда карантинге жайгаштырылган.

Фото: informburo.kz