Дүйнө жүзү боюнча 214 миңден ашык адам коронавирус инфекциясын жуктурган

Дүйнө жүзү боюнча 214 миңден ашык адам коронавирус инфекциясын жуктурган

Дүйнө жүзү боюнча 214 миң адам коронавирус инфекциясын жуктурган деп кабарлайт дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Жуктуруу учурларынын 80 пайызы Европа менен Азия-тынч океан аймагына тиешелүү. АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 9 миңден ашты, 150 адам көз жумду.

Учурда ковид-19 илдети континенттердин бардыгында катталды. Италиянын жарандык коргоо кызматы өлкө аймагында бир суткада коронавирустан 475 адам курман болгонун кабарлады. Бейтаптардын саны 36 миңге жакындады. Ал эми Улуу Британияда коронавирус 2 миндей адамдан аныкталып, 71и көз жумду. Бельгияда 14 жаран вирустун курмандыгы болду.

КМШ өлкөлөрү боюнча вирус жуктуруунун эң жогорку көрсөткүчү Орусияда катталды. Акыркы маалыматтарга ылайык, кооптуу инфекция 147 адамдан табылды. Беларусь Республикасында 51, анын бешөө айыгып чыкты. Арменияда бейтаптардын саны 100 дөн ашса, Өзбекстанда 18, Кыргызстанда 3.

Ал эми вирус чыккан Кытайдын өзүндө коронавирус 81 минден ашык жаранда аныкталган. Инфекция очогу Ухань шаарында биринчи жолу бейтаптар табылган жок. Түштүк-Чыгыш Азияда коронавирустун таралышы боюнча Малайзия алдыда. Акыркы маалыматтарга караганда, бул мамлекетте ковид-19 илдетин жуктургандардын саны 673кө жеткен. Андан эки адам көз жумду.

Жалпысынан дүйнө жүзүндө вирустун таралышы боюнча Кытай биринчи орунда 81 минден ашык адам. Экинчи орунда Италия 36 минге жакын бейтап. Үчтүктү Иран толуктайт. Мында коронавирус 17361 ден ашык жаранга жуккан.

 

Фото: medikom.ua