Түркияда коронавирустан алгачкы курмандык катталды

Түркияда коронавирустан алгачкы курмандык катталды

Түркияда коронавирустун жаңы түрүн жуктурган адам курман болду.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджуга шилтеме жасаган Анадолу агенттиги аталган өлкөгө коркунучтуу илдетти алып келген алгачкы кайгылуу учур экенин кабарлады. Анын айтуусунда, каза болгон 89 жаштагы жаран Кытайдан кайтып келген кызматкерден жуктуруп алган. Учурда Түркияда коронавирус 98 адамдан аныкталды.

Алгачкы учур жалган курандын 11инде катталган эле.

Фото:en.trend.az