Чыгыш Казакстан облусунда суткасына 100 миң беткап чыгарылат

Чыгыш Казакстан облусунда суткасына 100 миң беткап чыгарылат

Чыгыш Казакстан облусунун тигүү фабрикалары 6 миллиондон ашык медициналык беткап чыгарууга даяр.

Айта кетсек, азыркы учурда аймактагы 10 фабрика өзүнүн кубаттуулугун арттырып жатат. Ишканалар суткасына 100 миңге жакын коргонуу буюмдарын чыгарат. Биринчи кезекте мектептер, медициналык мекемелер жана улуттук аскер бөлүктөрү беткаптар менен камсыз кылынат деп күтүлүүдө.