Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 35ке жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 35ке жетти

Алматыда дагы эки адам коронавирус жуктурду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү  күндө Казакстанда 35 киши ковид-19 илдетине чалдыккан. Анын ичинен Алматыда – 17 жана Нур-Султанда – 18 учур катталган.

Эске сала кетсек, бүгүн кечинде Казакстандын эки мегаполиси карантининге жабылат. Алматыга жана Нур-Султан шаарына кирүү жана чыгуу мүмкүндүгү чектелет. Нур-Султан жана Алматы шаарларынын аймагына адамдардын кирип чыгуусун чектөө төмөндөгү категориядагы инсандар үчүн колдонулбайт. Буга чейин шаардан чыгып кеткен Нур-Султан жана Алматы шаарларынын тургандары жана башка аймактардан же мамлекеттерден шаарга кайткан учурда: дарылануу үчүн чет элге чыга турган жарандарга, алардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин тастыктоочу документтери болгон учурда: буга чейин чет мамлекеттин аймагына чыгып кеткен жарандар Казакстанга кайтып келген учурда: ал эми эпидемологиялык абалы оор мамлекеттерден келгендер коронавируска текшерүүдөн өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Нур-Султан жана Алматы шаарларынын айланасындагы калктуу пункттардын жашоочулары жумушка тоскоолдуксуз жете алышат.

Карантинге байланыштуу ири соода, оюн-зоок борборлору өз ишин токтотот. Болгону дарыканалар менен азык-түлук саткан дүкөндөр гана ачык болот.

Фото: zakon.kz