Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 32 адамга жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 32 адамга жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 32 адамга жетти. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 5 адамдын илдет жуктурганын кабарлады. Анын төртөө Алматыда, бирөө Нур-Султан шаарында. Вирус жуктургандар карантинге жайгаштырылды. Аны менен катар, өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин жаңы токтому күчүнө кирди. Иш сапардан кийин казакстандыктар стационарга жаткырылган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтишти. Азыркы учурда бул категорияга Франция, Иран, Италия, Испания жана Германия өлкөлөрү кирет. Ал эми 1Б категориясына Кытай, Түштүк Корея жана шенген аймагына таандык мамлекеттер киргизилди. Аталган өлкөлөрдөн келген жарандар милдеттүү түрдө үй карантинине алынат.

Ошондой эле, дарыгерлердин чечими менен үйдөн стационардык обочолонууга алмаштырылышы мүмкүн. Президенттин алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыздаган мамлекеттик комиссия жалган курандын 19унан баштап эки шаарга карантин киргизиле турганын билдирди.