Көкшетауда бир нече жолу пайдаланууга боло турган беткап тигиле баштады

Көкшетауда бир нече жолу пайдаланууга боло турган беткап тигиле баштады

Көкшетауда бир нече жолу пайдаланууга боло турган беткап тигиле баштады. Бир нөөмөт ичинде ишкана суткасына 4 миң даана беткап чыгарат. Даяр өнүм оболу өзүнүн кызматкерлерине таратылса, андан кийин шаардагы ири өнөр жай орундары менен социалдык обьектилерди камсыз кылышат. Ал эми келечекте дарыканаларга жеткирүүсү мүмкүн. Жакынкы убакытта ишкана кубатын эки жарым эсеге арттырууну көздөөдө.

САЯН БОТАШОВ, ИШКАНАНЫН ИНЖЕНЕРИ:

- Эми келчекте күнүнө 10 миңге чейин беткап тигүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Керек болсо 2-3 нөөмөт менен чыгарып, күнүнө  10 миң беткаптан тигүүгө болот.

Костанайдагы тигүү Фабрикасы да медициналык беткаптарды  чыгара баштады. Буга чейин ишкана атайын кийимдерди тигүүгө адистештирилген эле. Кызматкерлер суткасына 10 миң даана беткап даярдайт. Суроо-талап пайда болсо, өндүрүш көлөмүн эки эсеге чейин арттырууга кудуреттүү. Беткаптар жеригиликтүү жана борбордун дарыканаларына жеткирилет. Алдыдагы убакытта ишкана медициналык максатта коргоочу кийимдерин тигүүгө киришет.

АРСЕН ЖЕТПИСБАЕВ, ӨНДҮРҮШТҮК КООПЕРАТИВ ТӨРАГЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизде тигиле турган өнүм мамлекеттик стандарт боюнча болот. Бул беткапты бир нече ирет колдонууга, жууга, зыянсыздандырууга, үтүктөөгө болот.

Фото: total.kz