Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 13кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 13кө жетти

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 13кө жетти. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги Алматы шаарында дагы үч адамдын илдет жуктуруп алганын кабарлады. Ошентип, ооруган 13 кишинин 11и Алматыда, экөө Нур-Султанда эмделүүдө. Айта кетсек, азыркы убакытта өлкөдө 1600 адам карантинде, 1000ден ашык жаран үй карантининде жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги 2097 адамды көзөмөлгө алды.