Казакстанда коронавирус 9 адамдан аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктуруунун 9 учуру катталды. Анын жетөө Алматыда, экөө Нур-Султан шаарында. Учурда 1600дөн ашык адам стационардык жана 600дөн ашык адам үй карантинине жайгаштырылган. Республиканын Саламаттык сактоо министрилиги өлкө аймагындагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенине ишендирүүдө. Ковид-19дун таралышына жол бербөө үчүн профилактикалык чаралар сакталууга тийиш. Атап айтканда, жеке гигиеналык талаптарды сактап, адам көп чогулган жайларга барбоого, бейтаптар менен байланышпоого, ал эми оору белгилери пайда болсо тез жардам чакыруу зарыл. Коронавируска байланыштуу бардык маалыматты казакстандыктар 1406 колл-борборуна чалып биле алышат.

Фото: vlast.kz