Президент Касым-Жомарт Токаев ыкчам чара көрүү штабынын отурумун өткөрдү

Президент Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу үйдө балдары менен бирге калууга мажбур болгон ата-эненин бирине акы төлөнүүчү эмгек өргүү берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекет башчысы ыкчам аракеттенүү штабынын отурумунда маалымдады. Өкмөт жана бир катар мамлекеттик органдардын башчылары катышкан жыйында дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан илдетке каршы чаралар бышыкталды.

Президент кыска мөөнөттө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана бюджет чыгымдарынын болжолун кайра карап чыгууну тапшырды. Өкмөт товарды, иш менен кызмат көрсөтүүлөрдү ортомчусуз, ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн түз жана ачык сатып алуу системасына өтүүгө тийиш. Мындан тышкары, медициналык мекемелерди жана жарандарды дары-дармек менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.

Фото: holanews.kz