Эки казакстандык жарандан коронавирус аныкталды

Эки казакстандык жарандан коронавирус аныкталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов кооптуу илдет инфекциясын жуктурган жарандар Германиядан келгенин билдирди. Коронавирус коркунучу жогору экинчи категориядагы мамлекеттен өлкөгө биринчиси жалган курандын 9да, экинчиси жалган курандын 12де келген. Азыр ошол аба транспортунун бортунда болгон бардык жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү стационарга жаткырылды.

ЕЛЖАН БИРТАНОВ,  РКНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ

- Баарыңыздарга белгилүү болгондой, биз үч айдан бери бул вируска каршы болгон аракеттерди көрүп келе жатабыз. Бирок, бүгүн биз казакстандык эки жарандын илдет жуктуруп алганы тууралуу аныктаманы алдык. Алар Германиядан келген экен. Алар Алматыдагы стационарга жаткырылды. Бул эки жаранда клиникалык белгилер жок. Өздөрүн жакшы сезип жатышат. Керектүү чаралардын баары көрүлүүдө.

Фото: ktk.kz