Жалган куран айынын 16нан баштап студенттер онлайн-окууга өтөт

Жалган куран айынын 16нан тартып коронавирусту алдын алуу максатында өлкөнүн колледждери жана жогорку окуу жайлары аралыктан окутуу системасына өтөт. Евразия улуттук университетинде гана 20 миңге жакын студент онлайн режимде билим алып баштайт. Бул максатта, мугалимдер студенттер үчүн бир нече электрондук системаларды колдонуу менен сабактарды жана тапшырмаларды жазып берет. Бирок, алар үчүн мындай окуу формасы жаңылык эмес.

ТӨЛЕГЕН МУКУШЕВ, Л.ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУ МУГАЛИМИ:

- Окутуу форматы албетте жакшы, анткени ал мугалимдерге курсту жазып алууга мүмкүндүк берет. Албетте, студенттер кайсы убакта болбосун, үйдө сабактарды кайра карап чыгуу жана кошумча билим алуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Анын үстүнө маалыматты кайталайт.

БЛИЦ:

1. Бул чечим тууралуу уктук. Жакшы кабыл алдык. Бул туура деп ойлойбуз. Ооруну алдын алган жакшы. Эң негизгиси электрондук система жакшы иштеп берсе болду.

2. Бир жагынан албетте бизге кыйынчылык жаратат. Анткени бардык тапшырмаларды биз өзүбүз үйдө жеке окушубуз керек. Бардык маалыматты өзүбүз издеп, үй тапшырмаларын аткарышыбыз керек болот. Анын бардыгын электрондук түрдө мугалимге жиберишибиз зарыл. Мунун бардыгы белгилүү бир кыйынчылыктарды пайда кылышы толук мүмкүн. Деген менен артыкчылыктары да бар. Бош убактыбыз көп болот. 

Коронавируска байланыштуу алдын алуу чаралары бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү. Мектеп окуучулары эс алууга мөөнөтүнөн мурда чыгып, студенттер онлайн-окууга өтүп жатканы менен бала-бакча тарбиялануучулары үчүн өзгөрүү болбойт. Алар бала-бакчага мурдагыдай эле бара берет, деген менен ата-энелерге байланыштуу тартип күчөйт. Аларга бет капсыз келүүгө болбойт.

МЕҢДИГҮЛ КАНИЕВА, «БАЛАПАН» БАЛА-БАКЧАСЫНЫН МҮДҮРҮ: 

- Бул эң алгач ата-энелер менен жүргүзүлө турган жумуш. Ата-энелер баланы алып келгенде жана алып кеткенде бет кап кийүүсү олуттуу талап кылынат. Алар менен алдын алуу багытында үгүт иштери жүргүзүлүп жатат.

Ата-энелер бул жаңы тартипти жакшы кабыл алды. Анткени эң башкысы – балдардын коопсуздугу.

Фото: news.itmo.ru