Казакстанда Covid-19 вирусу бир жуманын ичинде ырасталышы мүмкүн

Казакстанда Covid-19 вирусу бир жуманын ичинде ырасталышы мүмкүн

Казакстанда Covid-19 вирусу жалган куран айынын 11-16сы аралыгында аныкталышы мүмкүн. Бул тууралуу борбордо өткөн брифингдин жүрүшүндө өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди. Анын айтымында, өлкө вирус тараган өлкөлөрдүн чок ортосунда жайгашкан.  Ошондуктан, башка мамлекеттерден келген ар бир жарандан инфекция чыгышы толук мүмкүн. Учурда өлкөнүн окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүп, талдоонун үстүндө. Эгерде инфекция аныкталган болсо, тийиштүү чаралар дароо  көрүлөт.

ЖАНДАРБЕК БЕКШИН, РКНЫН БАШКЫ САНИТАРДЫК ДАРЫГЕРИ:

- Биз азыркы кырдаалдын үстүндө иштеп жатабыз. Албетте, алдын ала болжол жасайбыз. Болжол деген конкреттүү маалымат эмес. Ага карабай биз бардыгын көзөмөлдөп, даярдык көрүп жатабыз. Биз азыр коронавирус тараган өлкөлөрдүн ортосунда турабыз. Ошондуктан, бизде пайда болушу мүмкүн. Бирок бул конкреттүү маалымат эмес.  Биздин окумуштуулар аныкталышы мүмкүн деп жатышат. Ал жалган курандын 10нан 16на чейин чыгышы мүмкүн. Дагы бир жолу кайталайм, бул жөн гана божомол. Ал дал келиши да, дал келбеши да мүмкүн. Сиздер сурадыңыздар, мен жооп бердим.

Бүгүнкү күндө Казакстанда 703 адам карантиндик көзөмөлдө турат. 167 адам үй карамагында жана алардын бардыгы Италиядан келген жарандар. Ошондой эле, адистер учурда Кытайда кырдаал турукташып жатканын, бирок Европада коронавирустун таралышы тездик менен жүрүп жатканын айтышат. Ушул себептен улам, Казакстан биринчи категориядагы Италия, Кытай жана Түштүк Корея мамлекеттеринен келип-кетүүнү толук токтотту. Ал эми инфекция боюнча кооптуу өлкөлөрдүн толукталган тизмеси төмөндөгүдөй:

Биринчи категорияга Кытай, Иран, Түштүк Корея жана Италия өлкөлөрү кирет. Б категориясында Германия, Франция, Испания турат. Ал эми Швейцария, Улуу Британия жана Нидерланды экинчи категорияда болсо, үчүнчү категорияда Швеция, Бельгия, Норвегия, Индия, Ирак, Филиппины жана АКШ мамлекеттери бар. Адистер аталган тизме 2 күн сайын өзгөрүп турарын белгилөөдө.

Фото: qazaqtimes.com