Казакстан коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарды көзөмөлдөө ишин улантууда

Казакстан коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарды көзөмөлдөө ишин улантууда

Казакстан коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген жарандарды көзөмөлдөө ишин улантууда. Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери  Жандарбек Бекшин Ковид-19 коронавирус инфекциясы боюнча айрым өлкөлөрдүн жаңы тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, А1 категориясына мурдагыдай эле Кытай, Иран, Түштүк Корея өлкөлөрү кирет. Бул өлкөлөрдөн келген жарандар атайын даярдалган медициналык мекемелерге 2 аптага карантинге жайгаштырылат.

1Б категориясында Италия гана калды. Бул өлкөдөн келген адамдар үйүндө 2 апталык карантинде болот. Бирок алар үй-бүлөсү менен болушунча аз карым-катнашта болуп, жеке бөлмөдө кармалууга тийиш.

Германия менен Испания болсо экинчи категорияга кирди. Бул жерде да бейтап үй карантининде, үй-бүлөсү менен байланышта жана дарыгерлердин кзөмөлүндө болот.

Ал эми үчүнчү категорияга - Гонконг, Швеция, Жапония, Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары, Франция, Малайзия, АКШ, Сингапур, Кувейт, Бахрейн, Ирак, Улуу Британия, Швейцария өлкөлөрү кирди. Аталган мамлекеттерден келгендердин ден соолугун дарыгерлер телефон аркылуу билип турат.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 3676 адам көзөмөлгө алынган. Кошумча көзөмөлдөо үчүн ооруканага түшкөн бардык бейтаптардан алынган анализдер Алматы шаарындагы өзгөчө кооптуу инфекциялар улуттук илимий борборуна жиберилди. Дал ошол жерде коронавирусту диагноздоо методикасы изилденип чыккан.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктурган учур каттала элек. Дарыгерлер адамдар көп чогулган жерлерден оолак болууга, жеке гигиеналык эрежелерди сактоого, бет-колду тез-тез самын менен жууп турууга кеңеш берет. Суук тийүү белгилери байкалган учурда жашаган жери боюнча ооруканага кайрылуу керек. Бардык суроолор боюнча казакстандыктар үчүн күнү-түнү 1406 номерлүү колл-борбору иштейт.

Фото: centralasia.media