Түштүк Кореядагы казакстандыктын коронавирус жуктурганы ырасталган жок

Түштүк Кореядагы казакстандыктын коронавирус жуктурганы ырасталган жок

Түштүк Кореядагы Казакстандын жараны коронавирус жуктурду деген маалымат ырасталган жок. Анын организминен илдеттин белгилери аныкталган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Эске сала кетсек, кечээ социалдык тармактарда Түштүк Кореядагы казакстандыктан кооптуу вирус табылды деген маалымат тарап, анын дарыгерлерден качып жүргөнү жана бул маалыматты жергиликтүү полиция кызматкерлеринин кабарлаганы айтылган. Элчилик өкүлдөрү окуянын чоо-жайын аныктап, Казакстандын жарандарынын оору жуктурбаганын тастыктады. Ал болгону бир нече күн мурун коронавируска чалдыккан жаран менен коомдук жайда чогуу болуп, жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

АЙБЕК СМАДИЯРОВ , РКНЫН ТИМНИН РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Ага жана аталган имаратта болгон бардык адамдарга вирустун бар-жогун аныктоочу тексттен өтүүгө туура келет. Биздин жаран бардык керектүү процедуралардан өтүүгө жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Фото: tengrinews.kz