Коронавирус: 1770 адам каза болду

Коронавирус: 1770 адам каза болду

Хубей провинциясында коронавирустан дагы 100 адам каза болду. Ковид-19 курмандыктарынын жалпы саны 1770 адамга жетти. Аталган дарттан каза болгондордун көпчүлүгү Кытайда катталган. Буга катар коркунучтуу илдетти жуктургандардын катары да калыңдап, эки миңге көбөйдү. Ал эми бүткүл дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккандар 71 миң адам. Diamond Princess круиздик лайнеринен АКШнын 400 жараны эвакуацияланды. Кеме жүргүнчүлөрү атайын жабдылган автобус менен аба майданына жеткирилди. Азыркы тапта Diamond Princess лайнеринде илдетти жуктургандардын саны 355 адамга жетти.

Тайванда коронавирустан каза болгон биринчи окуя катталды. Бул тууралуу аралдын Борбордук маалыматтык агенттиги кабарлайт. Каза болгон адам 60 жаштагы киши. Ал Ухань шаарында да, Хубей провинциясында да болгон эмес. Ошондой эле, маркум аталган аймактарга барып келгендер менен да карым-катнашка барган эмес. Бүгүнкү күндө бийлик өкүлдөрү ал кандай кырдаалда ооруну жуктуруп алганын тактап жатат.

Фото: ktk.kz