Казакстанда коронавирус катталган жок

Казакстанда коронавирус катталган жок

Казакстанда коронавирус илдети катталган жок. Бул тууралуу Нур-Султанда өткөн Өкмөт отурумунда Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов маалымдады. Анын айтымында, департамент жогорку деңгээлдеги профилактикалык жумуштарды улантууда. Кытай Эл республикасы менен чек арада жигердүү түрдө санитардык текшерүү жумуштары жүргүзүлүүдө, аны менен бирге, Кытайдан келгендердин бардыгы тыкыр көзөмөлгө алынууда. Министр коркунучтуу оору өлкөдө аныкталып калса, ал учурга өлкө толук даяр экенин белгиледи. Азыркы тапта өлкөнүн медициналык мекемелеринде кошумча беш миңге жакын орун, маска, медициналык жана дезинфекациялык куралдар сатып алынды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мекеме аралык комиссия коркунучтуу вирус өрчүп жаткан Кытайдан жарандарын эвакуациялап жатат.

АЙБЕК СМАДИЯРОВ, РК ТИМнин РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

- Бүгүн Кытайдагы казакстандык дипломаттардын күчү менен Кытайдан 217 казакстандык жаран чыгарылды. Алар Кытайдын 36 шаарынан, негизинен студенттер менен ошол жерде убактылуу жашаган жарандарды эвакуациялоо иштерин жүргүздү. Жакынкы арада, башкача айтканда, бирдин айынын он экисинде дагы 100 адамды алып келе турган учакты жиберүүнү мерчемдеп жатабыз. Аны менен бирге, Кытай тараптын өтүнүчү боюнча биз кечээ кечинде Казакстандан Кытайга 45 кытай жаранын ушул бортко отургуздук. Элчиликтин ишеним телефону ишин улантууда, Кытайда жашаган бардык жарандар биз менен байланыша алат, биз бардыгы менен байланышта болууга аракет кылабыз.

Фото: sputniknews.kz