Ухань шаарынан 83 казакстандык эвакуацияланды

Ухань шаарынан 83 казакстандык эвакуацияланды

Улуттук ыкчам медицина координациялоо борбору Кытайдын Ухань шаарынан 83 казакстандыкты эвакуациялады. Алардын арасында 80 студент бар. Кытайдан кайткан жарандар Нур-Султандан 7 чакырым алыс жайгашкан атайын корпуста 14 күн карантинде болот. Алар биринчи кезекте коронавируска тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүшөт. Клиника заманбап диагностикалык, дарылоо жана реанимациялык куралдар менен жабдылган. Алар менен адистер гана байланышта болот.

Өкмөттүн расмий маалымдамасына таянсак, бардыгы обочолоо эрежеси менен таанышты.  Белгилей кетсек, Казакстан президентинин тапшырмасы боюнча кооптуу вирус менен күрөшүп жаткан Кытайга жалпы көлөмү 13,6 тонна медициналык буюм гуманитардык жардам катары жиберилди.

Фото: diapazon.kz