Түштүк Корея дарыгерлери Казакстанда операция жасайт

Түштүк Корея дарыгерлери  Казакстанда операция жасайт. Мындай келишимге Казакстан Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын медициналык борбор делегациясынын Сеулга болгон сапарында жетишилди. Түштүк Корея дарыгерлери Нур-Султанда чебер сабактарын өткөрүүгө жана казакстандык кесиптештерин окутууга макул болушту. Ал эми татаал операцияларды түштүк кореялык дарыгерлер түз өздөрү жасашат. Буга катар телемедицинанын жардамы аркылуу бейтаптар менен дарыгерлерге алыстан кеңеш берүү иши колго алынат.

АЛЕКСЕЙ ЦОЙ, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Татаал операцияларды биз өнөктөштөрүбүз менен бирге Казакстанда жасайбыз. Технология трансферти, башкача айтканда, окутуу жумуш ордунда өтөт. Бул жардамды бир гана биздин жарандар үчүн эмес, Борбор Азиядагы коңшуларыбызга да сунуштай алабыз. Алар чет өлкө дарыгерлеринен, анын ичинде корей адистеринен сапаттуу медициналык жардамды Казакстанда ала алышат.

ЛИ БЁН СОК, ООРУКАНАНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Менин оюмча, алгач медицина кызматкерлеринин ортосунда алмашуу программаларын уюштуруу керек, чебер сабактарын өткөрүү эки өлкөнүн медицинасын өнүктүрүүгө таасир берет. Кореялык дарыгерлер АКШдан  отуз жыл тажрыйба топтогон, эгер Казакстан тууралуу айта турган болсок, тажрыйба алмашуу  узакка созулбайт.

Фото: sputniknews.kz