Бишкекте Казакстан медицинасынын күндөрү өтүп жатат

Бишкекте Казакстан медицинасынын жетишкендиктери тааныштырулууда. Эки республиканын дарыгерлери менен илимпоздору өз тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн чогулду. Тараптар медициналык жетишкендиктер, ден соолук тармагындагы инновациялар менен квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерин талкууга алды.

ЕЛЖАН БЫРТАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:

- Эл Башы саламаттыкты сактоо, илим жана билим берүү тармактарына бөлүнө турган каржыны өлкөнүн жалпы ички өнүмдүн 10 пайызына чейин жеткирүү милдетин койгон. Ал эми быйыл президент Касым-Жомарт Токаев 2025-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо азыркы 3,2 пайыздан 5 пайызга чейин көбөйө тургандыгын маалымдады. Бул каражаттардын 60 пайызы баштапкы тармакка жана ооруларды алдын алууга багытталат.

Кыргыз тарап Казакстандын тажрыйбасына кызыгуучулук артууда. Анткени технологиялык жактан өлкөнүн саламаттыкты сактоо чөйрөсү кыйла өнүккөн. Ошондой эле, мамлекеттик колдоонун аркасында дарыгерлик кызмат Казакстандын ар бир тургунуна жеткиликтүү. Жалпы Кыргызстан тургундары дарылануу үчүн Казакстанга көп келишет.

КОСМОСБЕК ЧОЛПОНБАЕВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРИ:

- Жарандарыбыз дарылануу үчүн Казакстанга барып жатканы ырас. Экономикалык жагынан алганда мунун натыйжалуу учурлары да бар. Ошо себептен чогуу тыгыз иштешип, бири-бирибизди толуктап турушубуз керек деп ойлойм.

Мындай деңгээлде уюштурулган эки тараптуу иш-чара саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Фото: strategy2050.kz