“Санариптүү Казакстан”: Саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшү

Казакстандык окумуштуулар инсульттан кийин кайра калыбына келтирүү үчүн бейтаптарга арналган колдун экзоскелетин иштеп чыкты. Аталган уникалдуу илимий долбоор Нур-Султандагы Digital Health Astana көргөзмөсүндө көпчүлүккө сунушталды. Белгилей кетүүчү жагдай, интеллектуалдуу роботтолгон система инсульттан кийин же кандайдыр бир кырсыктардын айынан жапа чеккен бейтаптарды калыбына келтирүүдө дарылоонун ар кандай схемаларын ишке ашырууга арналган. Бул система компьютердик интерфейсти жана графикалык колдонулуучу идентификаторун пайдаланат.

БЕЙБИТ АБДИКЕНОВ, АЙТИ КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул комлекстүү чечим. Анда программалык колдоо, жасалма интеллект, робототехника жана электроника бар. Биз алардын баарын бириктирдик.  2021-жылдан баштап казакстандык рынокко чыгарылат, 2024-жылга чейин болжол менен 400-500 аппарат жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Бирок биздин негизги максатыбыз бир гана Казакстан эмес, Индиянын рыногуна чыгууну да көздөөдөбүз. Мындан сырткары европалык рыноктор да каралып жатат.

Белгилей кетсек, көргөзмөдө уникалдуу айти-долбоор ири эл аралык жана казакстандык компаниялардын арасында эң мыкты санариптик чечим болду. Мындан сырткары ал БУУ түзгөн дүйнөнүн ТОП-20 инновациялык долбоорлоруна кирди.  Чет өлкөлүк серепчилердин айтымында, бул өлкөдөгү санариптик өнүгүүнүн ийгиликтүү үлгүсү. 

ЛОРЕНЦО ПЕНГО, СЕРЕПЧИ, ФОРУМДУН СПИКЕРИ:

- Мен Казакстанда саламаттыкты сактоодогу санариптештирүүнүн  жетилүү деңгээлин жакшы даражада деген баа берем. Казакстан саламаттыкты сактоо системасын толук өзгөртүү, ушул багыттагы бардык жараяндарды санариптештирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. 

Белгилей кетсек, Digital Health Astana көргөзмөсү борбордо “Санариптүү Казакстан” мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында өтүүдө. Ага Казакстан менен КМШ өлкөлөрүнөн 300дөн ашуун катышуучу жана 100дөн ашуун спикер катышып жатат.

Фото: yunews.kz