Казакстандын кан кызматы Европадагы аналогдон кем калбайт

Казакстандын кан кызматы өзүнүн өнүгүү жолунда таң каларлык натыйжага жетишти. Бүгүнкү күндө республикада 18 борбор иштеп жатат. Лабораториялык тестирлөөнүн жана донордук канды кайра иштетүүнүн колдонулган технологиялары АКШ менен Европа аналогдорунан кем калбайт.

ГУЛАМ УМАРОВ, ЖАМБЫЛ ОБЛУСТУК КАН БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Биздики – бул дүйнөдөгү эң мыкты стандарттар. Бүтүндөй Казакстан боюнча кандын компоненттерин өндүрүүнүн бирдиктүү стандарты каралган. Ооруган балдар, чоңдордун кан лейкозу үчүн тромбоциттердин концентратын чыгарабыз. Ошондой эле биз  ар кандай оорулар үчүн зарыл болгон кан компоненттерин өндүрөбүз.

Ар бир эле адам донор боло албайт. Бул үчүн анын ден соолугу чың болушу керек. Алуучуга кан барардан мурун, ал бир нече текшерүүдөн өтөт. 

САНИЯ АБДРАХМАНОВА, ТРАНСФУЗИОЛОГИЯЛЫК ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Лабораториялык изилдөөлөрдүн сапаты абдан маанилүү. Биз Казакстанда донордук канды эки этаптуу изилдөө үчүн КМШда биринчилерден болуп жетиштик. Биринчиден, бул орой айтканда ИФА, ал эми экинчи этабы - бул ПЦР.

Белгилей кетсек, жыл сайын бардык кан борборлоруна орточо эсеп менен 270 миң донор келет. Ооруканаларда күн сайын 5 миңге жакын кан куюу процесси жүрөт.

Фото: ktk.kz