Казакстандык дарыгерлер медициналык кызмат көрсөтүү тармагында тажрыйба алмашууда

Казакстандык медициналык мекемелерден эл аралык аккредитация алуу тажрыйбасы көптөгөн өлкөлөр үчүн үлгү болуп калды. Жакында эле борбордо Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөр тобу болду. Коңшу өлкөнүн адистери медициналык кызматтардын сапаты жана бейтаптардын коопсуздугу маселелери менен таанышты, ошондой эле республиканын бир катар жетекчи медициналык мекемелеринин ишин көрүп чыкты.

АНАТОЛИЙ ШАРОНОВ, ДЕН СООЛУКТУ САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КОЛДОО ЖӨНҮНДӨГҮ ФЕДЕРАЛДЫК КЫЗМАТТЫН БАШКАРМА БАШЧЫСЫ:

- Бардык медициналык уюмдар эң заманбап, жогорку технологиялык жабдыктар менен жабдылган, абдан жогорку тажрыйбалуу адистер иштейт экен. Ден соолукту сактоодо санариптештирүү маселелери таң калтырды, ушул себептен  казакстандык саламаттык сактоо тармагы алдынкы өңүттүн бирин ээлейт деген бир нече жагдайлар бар.

Белгилей кетсек, медициналык уюмдарды аккредитациялоонун киргизилген улуттук системасы Казакстанда 2009-жылдан бери иштеп келе жатат. Адистердин айтымында, ал бардык эл аралык талаптарга жооп берет жана саламаттык сактоонун сапаты боюнча эл аралык коом тарабынан таанылган. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай жогорку даражадагы 10 клиника бар. Бул стандарт бир гана калктын ишенимин жогорулатпастан, медициналык туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөрүн серепчилер белгилешет.

МАХАББАТ БЕКБОСЫНОВА, АО “УЛУТТУК ИЛИМИЙ КАРДИОХИРУРГИЯЛЫК БОРБОР” БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Бизге Европа Биримдигинин өлкөлөрүнөн, Араб дүйнөсүнөн, Орусиядан, Украинадан келген кардиохирургдар, жүзгө жакын адистер келди. Алар клиникалык иштер, кардиохирургиялык иш боюнча биздин тажрыйбаны үйрөнүүгө кызыкчылыгын билдиришти. Андан тышкары, бизге интервенциялык кардиология, ритмология боюнча алыскы чет мамлекеттерден эле эмес, Казакстандын бардык аймактарынан да келишет.

Ал эми дүйнөдөгү эң беделдүү делген JCI (Джей-Си-Ай) уюмунун аккредитациясын алуу үчүн анын бардык талаптарына жооп бериш керек. Айта кетсек, бул 1300дөн ашык стандарттар. Бүгүнкү күндө Казакстанда мындай аккредитацияны 7 клиника алган. Алардын баары бош турган имараттардан баштап кызматкерлердин колдорун туура тазалоого чейин, текшерилип бааланды.

БОТАГОЗ КАУПБАЕВА, “РЕСПУБЛИКАЛЫК САЛАМАТ САКТОО БОРБОРУНУН” РГП ПХВ АККРЕДИТАЦИЯЛАР БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Медициналык туризмди өнүктүрүү үчүн биздин клиникалар эл аралык стандарттарга жооп бериши керек. Бизде азыр ишке киргизилип жаткан стандарттар улуттук стандарттарга окшош. Бул Joint Commission International долбоору эл аралык JCI стандарттары болуп саналат. Тажрыйбабызга мурдагы Советтер союзунун өлкөлөрүнүн кызыгуулары абдан жогору. Учурда Азербайжан, Тажикстан жана Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Буга катар Орусия тарап менен өз ара аракеттешүү улантылат. Кызматташтык жөнүндө кол коюлган меморандумга ылайык, жакынкы үч жыл аралыгында өлкөлөр медициналык кызматтардын сапатын, ошондой эле бейтаптардын коопсуздугун башкаруу маселелери боюнча жигердүү тажрыйба алмашышат.

Фото: kz.usembassy.gov