«New Music Generation 2020» эл аралык композиторлор сынагы

«New Music Generation 2020» эл аралык композиторлор сынагы

Борбор калаада ІІ эл аралык «New music generation 2020» композиторлор сынагы алкагында ата мекендик жана чет элдик музыканттардын катышуусу менен гала-концерт болуп өттү. Сахнада пианист, музыкант, композитор Рахат-Би Абдысагиндин чыгармалары аткарылды. Ошондой эле музыкалык сынакта аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган «QUBYLYS»  чыгармасынын бет ачары болду. Белгилей кетсек, сынакка белгилүү австриялык дирижёр Эрнест Хетцль атайын чакырылган. Өнөрпоздун айтымында, Казакстанга келүү оңой болгон жок. Бирок Казакстандын таланттуу артисттери менен бир сахнада ойноо бул кыйынчылыктарды жокко чыгарган.

Эрнест Хетцль, дирижёр, Австрия:  

- Мага ийгилик жылмайды деп айта алам. Мен Австриядан келдим. Азыр Австрияда кырдаал оор. Баары жабык турат. Театрлар иштебейт, дүкөндөр жабык. Биз дагы үйдөбүз. Ал эми бул жерде мен өзүмдү эркин сезип жатам. Анткени эркин басып, ал тургай музыка ойной алам. Бул Казакстандагы чоң обочолонуудан кийинки алгачкы концерт. Ошондуктан, мен үчүн бул концертте өнөр көрсөтүү чоң сыймык.

Катышуучуларды баалаган калыстар тобу атайын ар кайсы өлкөлөрдөн тандалып алынган. Алар багын сынап жаткандарга онлайн режимде өз бааларын беришет. Ошондой эле быйылкы сынактын өзгөчөлүгү – катышуучулардын аты-жөнү жарыштын соңуна чейин сыр бойдон калгандыгында.

Рахат-Би Абдысагин, сынактын көркөм жетекчиси жана калыстар тобунун төрагасы:

- Сынакка дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 160 ашык эмгек келип түштү. Бул Франция, Германия, Испания, Италия жана Австрия сыяктуу бүткүл Европа. Латын Америкасындагы көптөгөн өлкөлөр, ошондой эле Аргентина, Чили, Филиппин, Кытай, Азия жана бүткүл КМШ. Жалпысынан сынак анонимдүү түрдө өтүп жатат. Тагыраак айтканда, ар бир композитор өз ишин бизге жашыруун түрдө,  аты-жөнүн жазбастан жөнөтөт. Алар урааны менен паролдорун гана жазып жиберет. Ал эми жыйынтыгы бекитилгенден кийин катышуучу ким жана кайсы мамлекеттен экендиги аныкталат.

 

Фото: 24.kz


×