Борбордогу улуттук музейге жаңы «Алтын Адам» коюлду

Борбордогу улуттук музейге жаңы «Алтын Адам» коюлду

«Улуу Талаанын байыркы искусствосу жана технологиясы». Дал ушундай аталышта борбор калаанын Улуттук музейинде уникалдуу буюмдарга толгон жаңы зал ачылды. Зал экспозициясында Есик, Берел, Талды, Таксай жана башка да коргондордон табылган «жырткыч» стилинде жасалган скиф-сак мезгилинин уникалдуу алтын буюмдары сунушталат. Ошондой эле аталган көргөзмөдө башкы көңүл Чыгыш Казакстан облусунан табылган дагы бир «Алтын адамга» бурулду. Өзгөчө экспонат эми борбордун көрүүчүлөрү менен конокторунун сүймөнчүгүнө айланат.

Нурлан Күнтуов, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги, «Руханий Жаңыруу» программасынын координациялоо департаментинин мүдүрү:

- Бул көргөзмөнүн, жалпы долбоордун негизги максаты - бул биринчи кезекте бизге, ата-бабаларыбыздан калган баалуулуктарды, руханий, маданий, материалдык экспонаттарды чогултуу, издөө, табуу жана ирээтке келтирип, бүгүнкү казакстандыктарга, анын ичинде жаш муунга тартуу кылуу. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, буга чейин биздин мамлекеттен бир нече Алтын адам табылган. Алматы облусунан, Актөбе облусунан табылды. Азыр эми Чыгыш Казакстан облусунан табылып жатат. Бул жалпысынан эмнени билдирет? Менин оюмча, бул биздин ата-бабаларыбыздын маданий жана руханий жактан эле эмес, материалдык жактан дагы өнүгүшүнүн көрсөткүчү болуп саналат.

Елеке Сазы көрүстөнүнөн табылган «Алтын адамдын»  автору, археолог Зейнолла Самашевдин айтымында, экспонат байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин бүлүнбөй сакталып келген. Ошондуктан аны калыбына келтирүү кыйынчылык туудурган жок.

Зейнолла Самашев, археолог:

- Алтын адамдар жөнүндө көп сөз болуп жатат. Алардын экөө гана тонолгон эмес. 1969-жылы Есик коргонунан табылган адам,  андан кийин бул экинчиси Елеке сазында табылганы. Экөөнүн жашы да бирдей. Бирок бул Елеке сазынан табылган адамдын өзгөчөлүгү 4 кылым мурун жашаган Есиктеги Алтын адамдыкынан айырмаланып турат. Бул биздин заманга чейинки 4-кылымга таандык. Ал эми берки 8-кылымга таандык.

Белгилей кетсек, аталган зал Казакстандын Туңгуч Президенти - Эл Башы Нурсултан Назарбаевдин «Улуу Талаанын жети кыры» макаласы алкагында ачылган.

 

Фото: total.kz


×