Казак-өзбек достугу көркөм фильмге негиз болот

Казак-өзбек достугу көркөм фильмге негиз болот

Өзбекстанда 20-кылымдын башында жана ортосунда болгон чыныгы окуя боюнча «Мирас» аттуу көркөм тасма тартылып жатат. Бул фильм казак жана өзбек элдеринин байыркы туугандыгын, бекем байланыштарын жана достугун чагылдырат. Тасма казак кызы менен өзбек жигитинин сүйүүсүнө негизделген. Бирок Айгүл аттуу кыз тагдырдын айынан сүйгөнүнө жете албай кетет. Аны менен катар, Ясауи агымы, Кожо Ахмед Ясауи негиздеген диний жана суфий мазхабынын руханий баалуулуктары  жөнүндө баяндалат.

Хилол Насимов, режиссёр:

- Биз ролдорго бир нече белгилүү казак актёрлорун бекиткенбиз. Айгүлдүн ролун казакстандык актриса ойношу керек болчу. Бирок бул өнөр адамдары съемкага келе албай калышты. Ошол себептен бул ролдорду Өзбекстанда жашаган казактар ойноп жатышат.

Кинокартинадагы айдай сулуу Айгүлдүн ролун каракалпакстандык актриса Айсанем Юсупова ойногон.

Айсанем Юсупова, актриса: 

- Съёмка башталганга чейин мен ошол кездеги казак кыздарын изилдей баштадым. Интернеттен улуттук кийимдердин үлгүлөрүн жана казак аялдарынын жүрүм-туруму боюнча материалдарды издедим. Ошондуктан мен үчүн Айгүлдүн ролун ойноо кыйын болгон жок. Бул тасмада башкы каарман көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип чыгат. Башында ал сүйүктүүсүнө жетпей калат. Кийинчерээк анын үч баласынын бири ооруп, каза болот. Күйөөсү согушка аттанып кетет. Бул дагы өлгөндүн үсүтүнө көмгөндүк болсо керек.

Мерчем боюнча тартуу иштери Беларусь менен Казакстанда да уланмак. Бирок пандемия көп нерсеге тоскоолдук жаратты.

Хилол Насимов, режиссёр:

- Пандемия биздин ишибизге тоскоол болду. Ошентсе да Казакстанга барып, съёмканы аяктайбыз деп турабыз. Алдыда Түркестандагы Ахмет Ясауинин күмбөзүндө жана аюу менен тарта турган көрүнүштөр калды.

Фильм кийинки жылдын башында чоң экранга чыгат деп мерчемделүүдө.

 

Фото: tvoyposter.ru


×