Нур-Султанда New Music Generation-2020 эл аралык композиторлор сынагы өтүүдө

Казакстандын борборунда эң таланттуу композиторлор менен музыканттар тандалып алынат. Бул күндөрү  «New Music Generation 2020» аттуу экинчи эл аралык композиторлордун сынагы онлайн режиминде өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ар кыл жаштагы жүздөгөн композитор катышууда. Негизги шарт - алардын аты-жөнүнүн белгисиз бойдон калуусу. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары сынактын жыйынтыгы чыккандан кийин гана жетинин айынын 21де белгилүү болот. Уюштуруучулардын айтымында, бул жеке пикирлерди таңуулабай, чыгармаларды жана аткаруучуларды баалоодо калыстыкты камсыз кылуу үчүн керек. Калыстар тобунун курамында дүйнөгө белгилүү композиторлор менен өнөр ишмерлери бар. Алар 160 партитураны угуп, талдашат.

Рахат-Би Абдысагин, сынактын калыстар тобунун төрагасы жана көркөм жетекчиси:

- Сынактын деңгээли өтө жогору жана ал жыл сайын көтөрүлүп келет. Ал тургай быйыл былтыркыдан дагы жогорку деңгээлде болуп жатат. Абдан мыкты партитуралар  келип түшүүдө. Бул сынак чет өлкөлөрдө Казакстандын маданий имиджин чыңдай турганы талашсыз. Ошол эле учурда, мындай иш-чараны уюштуруу чоң сыймык жана масштабдуу эмгекти талап кылат.

 

Фото: inform.kz


×