«Казак эли жана ата-теги» аттуу китептин бет ачары өттү

«Казак эли жана ата-теги» аттуу китептин бет ачары өттү

Борбордо туңгуч казак антропологу, өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн казак элинин келип чыгуу теги менен  санжырасына арнаган изилдөөчү Оразак Смагулов менен окумуштуу Айнагүл Смагулованын «Казак эли жана ата-теги» китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган илимий эмгекте окумуштуунун дээрлик 50 жылга жакын чогулткан материалдары негизинде казактардын бет-түзүлүшү, кан-тамыры, стоматологиялык морфологиясы, терисинин рельефи менен скелет сөөктөрүнөн жасалган  салыштырмалуу изилдөөлөрүнүн илимий концепцияны топтоштурулган. Эмгектин казак тилине которулуусуна, редакторлук ишине филология илимдеринин доктору  Жантас Алтай уулу катышкан.

Жантас Жакупов, филология илимдеринин доктору:

- Смагуловдун китебиндеги бул маалыматтар бир дагы китепканада же лабораторияда жок. Кыскасы, бул эмгектин баалуулугу 40 кылымдан бери азыркы казак делгендер ушул мекенде, Казакстандын ушул бөлүгүндө жашап келгендигинде. Бул илимий жактан далилденген. Бул адам антропологиялык изилдөөлөр аркылуу биз түрк тилинде 40 кылымдан бери сүйлөп келе жатканыбызга божомол жасайт, аны ал далилдей алды деп эсептейм.

 

Фото: inform.kz


×